АЛГАЧКЫ СОВЕТТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
20:37, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГАЧКЫ СОВЕТТЕР К ы р г ы з с т а н д а г ы ‒ Февраль рев-ясынан (1917) кийин түзүлө баштаган жумушчу ж-а солдат депутаттарынын шайланма саясий уюмдары. Социал-демокр. топтор м-н бирдикте иштеген. 1917-ж. мартта Кырг-нда Кызыл-Кыя кенчилери алгачкы жумушчу депутаттар советин түзүшүп, төрагалы гына И. И. Едренкин шайланган. 16-мартта сүлүктүлүк кенчилер өзүлөрүнүн жумушчу депутаттар советин уюштурган (жетекчиси ‒ Д. Т. Деканов ). 1917-ж. март айынын ортосунда Пишпек ш-нын жумушчуларынын алгачкы совети түзүлгөн. Негизинен Улуу Октябрь рев-ясына чейин Кызыл-Кыя м-н Сүлүктүдөгү алгачкы совет гана большевиктештирилген. Ноябрь айында Сүлүктүдө, декабрда Кызылкыя м-н Ошто, 1918-ж. январда‒февралда Пишпекте, май ‒ июнда Караколдо советтердин бийлиги орногон. Советтер элдик бийликтин органы катары иштеп, падыша өкмөтүнүн мурдагы буйруктарын жокко чыгарып, жумушчулардын эмгек акыларын жөнгө салган, 8 сааттык жумуш күнүн киргизип, калкты азык-түлүк м-н жабдуу ж. б. экон. маселелерди чечкен.