АК-ЧУӉКУР ҮӉКҮРҮ
18:21, 8 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АК-ЧУҢКУР ҮҢКҮРҮ ‒ неолит дооруна (б. з. ч. 6‒4-миӊ жылдык) таандык археол. эстелик. Ысык-Көл обл-нун Ак-Суу р-нундагы Эчкили-Таш айылынан 7 км чыгыш тарапта, Сары-Жаз суусунун оӊ жээгинде, деӊиз деӊг. 3150 м бийиктикте жайгашкан. 1954-ж. А. Н. Окладников ж-а В. И. Рацек тарабынан ачылган. Үӊкүрдүн бийикт. 2‒4 км, уз. 40 мге чейин жетип, эки ярустан турат. Үӊкүрдүн боорунда кызыл жошо м-н тартылган теке ж-а жыландын сүрөттөрү, кара боёк м-н түшүрүлгөн несториан крести, тамга жазуулар (о. кылымга таандык), о. эле жаныбарлардын сөөктөрү, неолит дооруна таандык иштетилген таштар ж-а көӊдөйүндө жошо сакталып калган текенин мүйүзүнүн сыныгы табылган. Үӊкүрдөгү айрым сүрөттөр мезолит дооруна мүнөздүү.
М. К. Борсунбаев.