АМИНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:34, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМИНДЕР – аммиактагы NH3 суутектин бир, эки же үч атомунун орг. радикалдар (R) м-н орун алмашуусунан пайда болгон бирикмелер. Суу-тектин орун алмашкан атомдорунун санына жараша биринчилик (RNH2), экинчилик (R2NH) ж-а үчүнчүлүк (R3N) болуп бөлүнөт (мында Rсн., с2н5, с6нп, с6н5 ж. б.). Радикалдардын
түзүлүшүнө жараша алар алифаттык (метиламин CH3NH2), алициклдүү (циклогексиламин C6H11NH2), ароматтуу (фениламин же анилин  C6H5NH2) ж-а гетероциклдүү [2- аминопиридин C5H4N(NH2)] болуп айырмаланат. Молекуласындагы амин топторунун санына жараша моно-, ди-, три- ж-а полиаминдер деп аталат.  Жөнөкөй А. – аммиак жыттуу газ, ири мол. массалуу А. суюктук ж-а катуу заттар. Ал негиздик касиетке ээ, к-талар м-н сууда эрүүчү туздарды пайда кылат. Катализатордун таасири м-н спирттерге  NH3 кошкондо биринчилик, экинчилик ж-а үчүнчүлүк А. пайда болот:     формула жазылат.Нитробирикмелерди калыбына  келтирүү ж. б. жолдор м-н да алынат. А. өнөр  жайларда боёк, дары-дармек заттарды, капрон, нейлон буласы алынуучу полимерлерди өндүрүүдө кеңири колдонулат. Алифаттык А. нерв  системасына зыяндуу. Кээ бир ароматтык А. канцерогендүү болгондуктан адамдын табарсыгында рак оорусунун пайда болушуна алып келет.