АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБРАЗИВДҮҮ АСПАПТАР (лат. abrasivus кырып-жонуучу) – катуу материалдарды ж-а пластмассаны иштетүүдө колдонулуучу абразивдүу материалдардан (өзгөчө бышык, катуу заттардан) жасалган жабдыктар. А. а. к а т у у (жылмалоочу тегерек, бөрк, сегмент, кайрак) ж-а ийилчээк (жануур, тасма ж. б.) болуп бөлүнөт. А. а. негизинен электркорунд, крем ний карбиди, жасалма ж-а табигый алмаздан жасалып, алардын кесүүчү абразивдүү бүртүк- чөлөрүн бириктирүүдө чопо, бакелит, силикат, магнезий пайдаланылат. А. а-дын 12 миңге жакын түрү чыгарылат. Аларга кошулган алмаздын өлчөмү (1 мм3 көлөмдөгү алмаз) – анын негизги көрсөткүчү. Алмаз 100% кошулганда, 1 мм3 катмарда 0,878 мг алмаз болот. Мис., жыл малоочу тегерек жасалчу курамга 25– 200% ке чейин алмаз кошулат.