АЛЛАХАБАД

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:59, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЛАХАБАД, И л а х а б а д (байыркы аталышы Праяга)  – Индиянын түштүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш  штатында. Калкы 1,3 млн (2019). Ганг м-н Жамна д. кошулган жеринде жайгашкан. Тогуз жолдун тоому.  Шаардын качан пайда болгону белгисиз.  Могол императору Акбардын мезгилинде  16-к-дын 2-жарымында Илахабад аталган. А-лык Ост-Индия компаниясы 1801-ж. аннекциялаган.    Шаар Индиядагы көз карандысыздык үчүн күрөштүн, 20-к-дан Индиянын ул. конгрессииин иш-аракетинин борбору болгон. Бул шаарда 1920-ж. М. К. Ганди өзүнүн нааразылык кыймылынын программасын жарыялаган.  Ганг ж-а Жамна индустардын ыйык жери  “Сангам” аталып сыйынып келишет. Жыл сайын Жамна д-нын оң жээгинде он эки жылда бир диний “Кумбаха Мела “ фестивалы өткөрүлүп турат. Ал фестивалга 10 млндон ашык зыяратчылар чогулушат. Форттун аймагында Акбар ак сарайынын ж-а Ашока таш колониясынын (б. з. ч. 242-ж. чен) калдыктары сакталган. Шаардын жаңы бөлүгүндөгү курулуштар европ. неоготика стилинде курулган. А. и. бардык ыйыктар собору (1871–1979; арх. Эмсерсон), неоренессанс стилиндеги чиркөө, соттордун  имараты, почта, ун-т (1887), музей (1931), индустардын теракот топтомдору, монета үйү, Нерунун ж-а Н.К. Рерихтин үй-музейи бар. Текстиль (а. и. жүн кездеме өндүрүшү), хим.,  металл иштетүү, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. А-га жакын Наинеде металл конструкция өндүрүшү иштейт.