АЛЫМКУЛОВ Добулбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:53, 1 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЫМКУЛОВ Добулбек (25. 5. 1930-ж. т., Чүй  обл., Сокулук р-ну, Төш-Булак айылы) – патофизиолог, медицина илимд. доктору (1973), проф. (1984). КРдин илимге эмг. сиң. ишмери  (1989). КММИни бүтүргөн (1955). КММИде ассистент, кафедра башчысы, Кыргыз акушерлик ж-а  педиатрия ИИИунда бөлүм башчы, Курортология ж-a физиотерапия ИИИнин  директору (1975–84), Кыргыз ССР ИАнын Бийик-тоо физиологиясы ж-a эксперименттик патология ин-тунун директору (1984–86). 2001-жылдан КРСУнун проф. Кыргыз курортология ж-а калыбына келтирүү ИИИнин  директору  (1991–96). 2003-жылдан КММАда кафедра башчы. Ил. эмг. балдардын ден соолугун чыңдоо,
жаратылыш факторлорунун организмге тийгизген таасирин ж-а табияттын дарылык касиетин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Эмг.: Резистентность детского организма в горных  условиях (в соавторстве). Ф., 1983; Биологические и  медицинские аспекты использования природных  ресурсов в Исык-Кульско-Чуйском районе (в соавторстве) Ф., 1988; Кыргыз жергеси ден соолуктун  булагы. Б., 1992.