АРЧА-БАШЫ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:12, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРЧА-БАШЫ МӨҢГҮСҮ – Алай кырка тоосунун түн. капталындагы татаал-өрөөн тибиндеги мөңгү. Кожо-Ашкан суусунун төрүндө жайгашкан. Уз. 12,3 км, аянты 25,4 км2. Абляциясынын аянты 9,1 км2. Башы деңиз деңг. 4900 м, этеги 3100 м. Кар чегинин бийикт. 3900 м. Мөңгүдөн Арча-Башы суусу башталып, Сохтун оң курамы – Кожо-Ашканга куят.