БАЗАР-КОРГОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:46, 31 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
БАЗАР-КОРГОН ‒ Жалал-Абад обл-ндагы шаар. Базар-Коргон р-нун ж-а айыл аймагынын борбору. Кара-Үӊкүр суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 735 м бийиктикте, Бишкек ‒ Ош автомобиль жолунун жээгинде жайгашкан. Облустун борбору ж-а темир жол бекети Жалал-Абад ш-нан 33 км батыш тарапта. 1950-ж. негизделген. Калкы 32 137 (2009). Кыштакта 2 тех. сервис, 3 пахта, май, нан, тамеки з-ддору, лимонад чыгаруучу цех, жыгаччылык, кийим тигүү ишканалары, медресе, 2 базар, ашкана, чайкана, кафе, ресторан иштейт. Кесиптик-тех. окуу жайы, 7 орто, муз., спорт мектептери, 3 мад-т үйү, 6 бала бакча, китепкана, сүт азык ашканасы, борборлоштурулган оорукана, 2 бейтапкана, 2 мечит, автобекет, 2 почта, байланыш бөлүмү ж. б. бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры А. Худайбердиев туулган.