АКРОБАТИКА
Jump to navigation
Jump to search
АКРОБАТИКА(гр. akrobates – бутумдун учу м‑н басам, бийикке чыгам) – 1) гимнастика тибиндеги спорттук машыгуулар; 2) машыгуулардын көп сандаган топторунан (А‑лык секирүүлөр, аял‑эркектин же эки эркектин, 3‑4 эркектен турган топтун машыгуулары, эркек м‑н аялдын батутта секирүулөру) турган спорт түрү. А. өнөрү Байыркы Египет, Грекия, Рим, Византия, Кытай, Японияда белгилүү болгон. О. кылымда А‑нын кээ бир элементтерин дарчылар, скоморохтор (Россияда), мимдер (Италия да), жонглёрлор (Францияда) аткарышкан. 17-к‑дын аягынан А. циркте кенен тарала баштаган. А. күч көрсөтүү, жерде секирүү, ийинде ойноо, икарийлик оюндар, ат үстүндө ойноо болуп бөлүнөт. Анын айрым элементтери цирктин бардык жанрында, хореография өнөрү м-н театр оюндарында да кеӊири колдонулат.