АКРИЛ КИСЛОТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:19, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АКРИЛ КИСЛОТАСЫ, э т и л е н к а р б о н к и с л о т а с ы, СН2=СНСООН – бир негиздүү каныкпаган орг. к‑та. Мол. м. 72,06, кескин жыттуу, түссүз суюктук, кайноо 1141°С. Сууда, спиртте, эфирде, СНС13тө, бензолдо эрийт. Ал оңой полимерленип, полиакрил к‑тасын пайда кылат. Башка карбон к‑талары сыяктуу эле туздарды, хлорангидриддерди, татаал эфирлер­ди, амиддерди пайда кылат. Этилен сымал ко­шуп алуу реакцияларына кирет. Мис., суутек, галоген, галогендүү суутек молекулаларын оңой эле кошуп алат. А. к. ацетиленди гидрокарбок­силдөөдөн, акролеинди, пропиленди кычкыл­дандыруудан алынат. Полиакрил к‑тасын, ион алмаштыруучу чайырларды, каучуктарды, түр­дүү эфирлерди, басмакана боёкторун, лак алуу­да колдонулат.