АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР
Jump to navigation
Jump to search
АКАДЕМИЯЛЫК ТЕАТР – театр өнөрүн өнүктүрүүдө ийгиликтерге жетишкен театрларга берилүүчү ардак наам. 1909‑жылдан бериле баштаган. Бул ардак наам алгач Москвадагы Чоң ж‑а Кичи театрларга ыйгарылган. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера ж‑а балет театрына (1959), Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрына (1971), Кыргыз мамлекеттик орус драма театрына (1989), Ош өзбек драма театрына (2005) Академиялык театр ардак наамы берилген.