АК-КУЙРУК СУУ БҮРКҮТҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:33, 27 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АК КУЙРУК СУУ БҮРКҮТ (Haliautus albicil­la) – суу бүркүттөр тукумундагы ири куш. Кара күрөң түстө, куйругу ак, тумшугу, көзү, бутта­ры сары. Ал Чүй өрөөнүндө ж‑а Ысык‑Көл ой­дуңдарында чанда жолугат. Бул түр ноябрдан апрелге чейин Ысык‑Көлдө кыштайт. Алар не­гизинен балык, кээде ондатр, өрдөк, каз м‑н азыктанат. Көлдөгү балыктардын азайышына байланыштуу бул түр азаюуда. Кыргызстандын Кы­зыл китебине катталган.