АЙЫЛЧИЕВ Асанбек
17:02, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page АЙЫЛЧИЕВ to АЙЫЛЧИЕВ Асанбек) тарабынан жасалган версия
АЙЫЛЧИЕВ Асанбек (21. 2. 1930, Чүй обл., Сокулук р‑ну, Октябрь айылы – 10. 9. 2003, Бишкек) – педагог, физика‑математика илимдеринин кандидаты (1972), профессору (1991). КРдин илим ж‑а техника б‑ча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). Кыргыз мамлекеттик университетинин физика‑математика факультетин бүтүргөн (1953). Ош педагогикалык институтунун математика кафедрасынын ж‑а В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз‑келиндер педагогикалык институнун математиканы окутуу методикасы кафедрасынын улук окутуучусу (1953‑57), кафедра башчысы (1960‑76), педагогикалык факультеттин деканы (1976‑97) болуп эмгектенген. ЮОдөн ашык илимий эмгектердин, окуу китептеринин автору. «Ардак Белгиси» ордени м‑н сыйланган.