АМАЛЬГАМА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:40, 26 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АМАЛЬГАМА (соңку лат. amalgama – куйма) – сымаптын металлдар м-н кошундусу. Аны бөлмө темп-расында же ысытканда сымал катодунда металлдын электролит жолу м-н бөлүнүшүнөн ж. б. ыкмалар аркылуу алууга болот.
А. металл буюмдарды алтын м-н каптоодо, күзгү
даярдоодо, тиш каптоодо пайдаланылат. Металлургияда А. асыл ж-а айрым сейрек (In, Ga, Tl)металлдарды өндүрүүдө аралык продукт болуп эсептелет. Курамындагы сымап уу болгондуктан А. өтө аз колдонулат.