АЙТМАТОВ Чыңгыз Төрөкулович
АЙТМАТОВ Чыңгыз (12. 12. 1928, Талас обл., Кара‑Буура р‑ну, Шекер айылы – 10. 6. 2008, Бишкек) – жазуучу, коомдук ж‑а мамлекеттик ишмер, Кыргыз эл жазуучусу (1968), КР УИАнын
академиги (1974), Кыргыз Эл Баатыры (1997), Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Соц. Эмгектин Баатыры (1979), Лениндик (1963) ж‑а СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа илимдер, искусство ж‑а адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим ж‑а искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), «Ысык-Көл форумунун» президенти, Австрия, Австралия, АКШ, Индия, Италия, Түркия, Япония, Россия ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыгынын лауреаты. Жамбыл шаарындагы зооветтехникумду (1946), Фрунзедеги К. Скрябин атындагы айыл чарба институтун (1953) бүтүргөн. 1953‑56‑ж. Кыргыз мал чарбачылыгы илимий-изилдөө институтуна (КирНИИЖ) караштуу асыл тукум заводунда зоотехник болуп иштеген. 1956‑58‑ж. Москвадагы Жогорку адабий курстун угуучусу, 1956‑60‑ж. «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, 196065‑ж. «Правда» гезитинин өз кабарчысы, 1965-жылдан Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы, 1986‑91‑ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун төрагасы, 90‑ж. Москвадагы «Иностранная литература» журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991‑жылдан элчилик кызматта (1991‑жылдан СССРдин, 1992- 93‑ж. Россиянын Люксембургдагы, 1994‑жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси).
Атасы Төрөкул Айтматов өз мезгилинин билимдүү адамы, көрүнүктүү коомдук ишмер, сталиндик режимдин курмандыгы болгон. Энеси Нагима Хамзеевна 1920‑30‑ж. Кыргызстандагы сабатсыздыкты жоюу, билим берүү иштерине өз үлүшүн кошкон. 1935‑ж. атасы Москвадагы Кызыл профессура институтуна окууга жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу Айтиев башталгыч класстын эки окуу жылын ошол жерде окуп калат. 1937‑ж. атасы камакка алынгандан кийин Шекерге кайтып келишет. Жазуучунун балалыгы Улуу Ата Мекендик согуштун катаал мезгилине туш келген. Ал 14 жашында айылдык советтин секретары болуп иштейт. Согуш мезгилинде алган турмуштук сабактар жазуучунун дүйнөгө көз карашынын, позициясынын, түшүнүгүнүн калыптанышына катуу таасир бергени талашсыз. Эстен кеткис бул катаал күндөр кийин жазуучунун чыгармачылыгында системалуу көркөм чагылышка ээ болду. Жазуучунун эскерүүлөрүнө Караганда чыгармачылыкка болгон кызыгуунун алгачкы учкундары Жамбылдагы техникумда окуп жүргөн учурунда эле пайда болгон. Адегенде ыр жазууга ышкыбоздонот. Техникумдун мугалими А. В. Штубендорф Айтматовдун ырларын окуп көрүп, жаш талапкерден өз күчүн прозадан да сынап көрүшүн өтүнөт. Ал кыргыз адабиятында согуш темасында жакшы чыгармалар жаралбай жаткандыгына кабатырланган. Айыл чарба институтуна келип киргенден кийин М. Бубеновдун «Ак кайың» романын, В. Катаевдин «Полктун уулу» повестин которууга киришет. Котормолорун басмага алып барса бул чыгармалардын которулуп калгандыгын билдиришет. Бирок, бул ордунан чыкпаган аракет, котормочулуктан алган алгачкы тажрыйба адабий турмушка болгон жандуу кызыгууну жараткан. Анын терминология, көркөм котормо проблемаларына байланыштуу макалалары («Орусча‑кыргызча сөздүк жөнүндө», 1951; «О терминологии киргизского языка», 1952; «Перевод далекий от оригинала», 1953) жарык көргөн. Согушту жектөө ж‑а тынчтыкты жактоо темасында жазылган «Газетчи Дзюйо», «Ашым» (1952), «Сыпайчы» (1953) аттуу алгачкы аңгемелери орус тилинде жарыяланат. Жазуучу чыгармачылыгынын башталышында кыргыз ж‑а орус тилдерин катар алып жүргөндүгүн анын гезиттик макалаларынан, аңгемелеринен байкоого болот. 1954‑ж. окурмандар орус тилинде «На богаре» аттуу аңгемеси ж‑а ага удаа эле кыргыз тилинде «Ак жаан», 1955‑ж. «Асма көпүрө», «Түнкү сугат» аттуу аңгемелери м‑н таанышат. Гезиттик маалыматтардын, китептик таасирлердин негизинде жазылган алгачкы аңгемелери адабий коомчулуктун көңүлүн өзүнө бура албаганы м‑н улам кийинки чыгармаларынан жаш автордун чеберчилик жактан тездик м‑н өсүп, жетилип бара жаткандыгы байкалат. Жаш жазуучунун аңгемелери 1956‑ж. Кыргызстан Жазуучулар Союзунун пленумунда жогору бааланат, адабиятчы К. Асаналиев «Кыргыз аңгемесинин айрым маселелери» деген темада жасаган докладында Ч. Айтматовдун «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аңгемелерине токтолуп, аңгемечи катары аны сөзгө сараң жазуучу экендигин, кыргыз аңгеме жанрына сюжет түзүү, образдарды шөкөттөө жаатында жаңылык алып келгендигин айгинелейт. 1956-ж. жазуучу үчүн үч эсе кубанычтуу жыл болду: репрессияланып курман болгон атасы акталат, Жазуучулар Союзуна мүчөлүккө өткөн, айрыкча Москвадагы СССР Жазуучулар Союзунун алдындагы Жогорку адабий курска кабыл алынышы жазуучунун адабий‑эстетикалык көз карашынын кеңейишине, тубаса табигый таланттын адабий‑теориялык билим м‑н ширелип байышына өбөлгө түзөт. СССРдин булуң‑бурчунан келген жазуучулар м‑н чыгармачылык байланыштар чыңалат. Айтматовдун чыгармачылыгы 1950-жылдардагы коомдун саясий, маданий турмушундагы күрдөөлдүү жаңылыктар, прогрессивдүү шарт‑жагдайлар м‑н коштолду. Сталиндик бийликтин аякташынан, жеке адамга сыйынуучулуктун сынга алынышынан кийин көркөм чыгармачылыкты конфликтсиздик «теориясынын», сындагы вульгардык‑социол. тенденциялардын четке кагылышы адабий‑маданий турмушта жакшы таасир берди. Жазуучуга алгачкы чыгармачылык ийгиликти «Бетме‑бет» (1957) ж‑а «Жамийла» (1958) повесттери алып келди. Бул повесттер жарык көрөрү м‑н адабий коомчулук кыргыз адабиятындагы жаңы көрүнүш катары баа берип, окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынды. «Бетме‑бетти» жазуучу чыгармачылык жолунун чыныгы башталышы, «адабий дебюту» катары атайт. Адабий дебют бул жерде жазуучунун чыгармачылыктагы өз чыйырын табуусу, алгачкы саамалык, ийгилик маанисинде айтылып жатат.
Бирок бул башталышты жалаң эле А‑дун жеке ийгилигинин эмес, улуттук көркөм ад‑тыбыздын өнүгүшүнүн жалпы табиятындагы жаңы сапаттык бурулуш катары туюу керек. Буга чейин кыргыз прозасында жалпы сүрөттөө үстөмдүк кылып, көркөм образ статикалуу, поэтикалык ой экстенсивдүү формада өнүктүрүлүп келсе, «Бетме‑бетте» чыгарманын идеялык‑тематикалык мазмуну каармандын ички дүйнөсүндөгү диалектикалык карама‑каршылыктарды иликтөө м‑н тыгыз карым‑катышта өнүктүрүлөт. Повесттеги сюжеттик конфликтти чечүүдө, борб. идеялык‑көркөмдүк максатты ишке ашырууда Сейденин образы биринчи планда турат. Турмуштук кыйчалыш кырдаялга тушуккан Сейде эки жээктин – эл м‑н элбезер Ысмайылдын ортосунда чабалактоого аргасыз болот. Сейденин образынын драматизмин, психол. тереңдигин көркөм реалисттик планда ачып берүү чындыгында да жазуучунун, аны м‑н бирге кыргыз прозасынын алгачкы уюткулуу ийгилиги болду. Башкы каарман Ысмайылдын образын тереңдеткен кошумча бөлүк 1990‑ж. окурмандарга тартууланды.
«Жамийла» – жазуучунун атын алыска тааныткан чыгарма. Повесть алгач «Обон» деген ат м‑н жарык көргөн. Орус тилинде «Новый мир» журналына (1958, № 8) жарыяланат. Окуянын сюжетинин ушундай маанайда, лирикалыкромантикалык стилде баяндалышынан улам повестти адабиятчылар «кара сөздөгү поэзия» же «прозадагы ыр» деп атап жүрүшөт. Повестти алгачкылардан болуп казак ад‑тынын классиги, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуу М.Ауэзов жогору баалап, жазуучуга ак жол каалайт. Француз жазуучусу Луи Арагон повестке «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп баа берип, француз тилине которуп, ал 1959‑ж. Парижден өзүнчө китеп болуп жарык көрөт. Повесттин мазмундук өзөгүн түзгөн тема – сүйүү темасы. Адамдын турмушка, элге, жерге, жашоого, руханий сулуулукка болгон чексиз сүйүүсү патриархалдык салт‑санаа, түшүнүк үстөмдүк кылган чөйрөдөгү үй‑бүлө түшүнүгүнө аялдык «мендин» кайчы келиши сыяктуу маселелер м‑н тыгыз байланышта чечмеленет. Мүнөзү түнт, адамга ыгы жок, атүгүл айрымдарга маңыроо көрүнгөн Даниярдын терең ж‑а кенен ажайып кооз дүйнөсү; бул дүйнөнүн көзгө ысык, көңүлгө сүйкүм элесин батырган, уккан адамды ошол сүйкүмдүү, ошол жакындыкты барктап‑баалоого, улуулукту туя билүүгө чакырган, кыялды толкутуп, турмуштун көркүн сезүүгө талпынткан керемет обону биринчи иретте Жамийла м‑н өспүрүм Сейит экөөндө турмушка карата күчтүү, жаратман, активдүү сүйүүнү ойготту. Бул жандүйнөсү жакын, сезимтал адамдардын рухунун бири‑биринен от алышып тутануусу эле. Чыгарманын акырында сүрөтчү болууну чечкен лирикалык каарман Сейит «Алардын айылдан кеткендегисин эстегенде жүрөгүмө кайрат толуп, мен даты ошолор сыяктуу өз таалайым үчүн кыйын жолго чыгууга тайманбай бел байладым» дейт. Повесть жарык көргөндөн бери Жамийланын Садыктан кетишине байланыштуу карама‑каршы пикирлер айтылып келет. Ушул жагдайда түрк адабиятчысы Рамазан Капландын оюн келтирүү жетиштүү: «Чыгармада күйөөсүн таштап кеткен аялдын, Жамийланын чечимин биздин күндөлүк жашообузда же дүйнөгө болгон көз карашыбызда адегенде кабыл албасак да, чыгарманын акырында ага ынанабыз. Эгерде Жамийла чыгармада өзү тандаган кишиси, Данияры м‑н кетип калбай, күйөөсү м‑н калып жашоосун улантып, сүйүүсүн билдирбей жүрсө, анда ал рухунда, жүрөгүндө өзүн да, күйөөсүн да алдаган болор эле, б. а. күйөөсү м‑н жашоосу жалган жашоо болмок. Ошондуктан, чыгарманын мындай бүткөнү Жамийланын адамкерчилиги м‑н бийик инсандык аброюна каршы келбейт». Бүгүнкү күндө «Жамийла» дүйнөнүн 150дөн ашык тилдеринде жарык көрдү.
Жазуучунун «Делбирим», «Бото көз булак», «Биринчи мугалим» (1961) повесттеринде, «Кызыл алма» (1964) аңгемесинде нравалык‑этикалык проблемалар андан ары тереңдетилип, өнүктүрүлөт. «Саманчынын жолу» (1963) повестинде жазуучу Адам м‑н Жердин өз ара сүйлөшүүлөрү сыяктуу шарттуу ыкманы чеберчилик м‑н колдонгон. Жер‑Эненин образы, аны м‑н диалог куруу жазуучуга Адам‑Эненин, Толгонайдын, тынчтыкты, бейпил турмушту сүйгөн, балдарынын амандыгын каалаган эненин эң жөнөкөй ж‑а ыйык тилегин жалпы адамзаттык деңгээлде айтуу үчүн керек болгон. ЖерЭне адамзаттын чектелген көз карашын жоюуга ж‑а согуш жашоонун түп мыйзамына каршы экендигин бекемдеп түшүнүүгө жардам берет. «Саманчынын жолунда» адам бекем эрки ж‑а кайраты, жашоого болгон сүйүүсү м‑н улуу ж‑а сыймыктуу деген идея даңазаланат.
«Гүлсарат» (1966) социал. планда өтө курч жазылган этаптуу чыгарма. Ушундан баштап жазуучунун чыгармаларынын идеялык‑эстетикалык мазмуну курч социал. мүнөзгө ээ боло баштаган. Жазуучунун өз сөзү м‑н айтканда, мында «улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социал. конфликттердин, карама‑каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракет көрүлөт». Чыгарманын башкы каарманы Танабай Бакасовдун өмүр‑тагдыры анын жоргосу Гүлсарынын тагдыры м‑н бирдикте сүрөттөлөт. Ак ниет коммунист Танабайдын каршысында мансапкор парт, жетекчилер Кашкатаев, Сегизбаев, Алданов, Ыбырайымдын образдарын жаратуу м‑н А. кыргыз ад‑тындагы, дегеле совет ад‑тындагы традициялуу көрүнүшкө айланып калган коммунист жетекчинин идеалдаштырылган образы тууралуу окурмандардын иллюзиясын бузду. «Доордун акылы, ар‑намысы» деп эсептелген партиянын жетекчилерин терс кайрык м‑н сүрөттөөгө ал учурда ар бир эле жазуучу батына албайт эле. А. райкомдун биринчи секретары Кашкатаевдин ж‑а сов. мыйзамдуулукту, коргоочу райондук баш прокурор Сегизбаевдин образын, партбюронун жүрүшүн сүрөттөө аркылуу бет пардасын сыйрып, алардын культка айлантылган парт, абройго жашырылган чыныгы жүзүн ачып берет. Жазуучу ушул повестинен тартып элдик мурастарга көбүрөөк кайрыла баштады.
«Ак кеме» (1970) повестинин идеялык‑тематикалык мазмунунун борб. түйүнү Мүйүздүү Эне ж‑дөгү жомокко барып такалат. Чыгармада реалдуу турмуш, реалисттик образдар мифологиялык‑жомоктук сюжет м‑н жанаша жашап, жуурулушуп, өтмө катар байланыштагы өзгөчөлүктүү композициялык курулушка ээ бол гон. «Ак кемедеги» Мүйүздүү Эне бул жайынча айтылган жомок же корукка адашып келип калган реалдуу бугу эмес, ал баарыдан мурда ата‑бабадан келаткан ыйык мурас, символ, ыйык эненин элеси.
Өз жомоктору м‑н Баланын жан дүйнөсүнө аруулуктун үрөнүн сепкен Момун карыя өз жомогун кыйратып, «БугуЭнеге» кол көтөрүүгө аргасыз болот. Окурмандарды күйгүлтүккө түшүрүп, сынчыларды талаш‑тартышка салган негизги маселе – баланын адамдар арасында жашагысы келбей «балык» болуп сүзүп кетүүсү. Айрым рецензенттер повестти адамды көңүл чөгөт кылчу пессимисттик чыгарма катары таанышты. Акыры талкууга автор өзү да аралашып өз концепциясын, ад‑ттагы трагизм маселесине карата принципиалдуу пикирин билдирди («Необходимые уточнения». Лит. газета, 1970, 28‑январь).
Жазуучу өзүнүн балалыгы туш келген согуштун катаал күндөрүнүн элесинен алып «Эрте жаздагы турналар» (1973) аттуу лирикалык‑романтикалык стилдеги повестин жараткан. «Манас Атанын ак кар, көк музу» (1975) аттуу автобиографиялык очеркинде повесттеги «Аксай десанттары»: Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул өзүнүн классташ курбулары экендигин баяндайт.
«Деңиз бойлой жорткон аладөбөт» (1977) повести алыскы Охота деңизинин жээгиндеги нивх элинин турмушунан алынып жазылган. Албетте, жазуучунун негизги максаты нивх элинин социалдык‑тарыхый абалын, салт‑санаасын, үрп‑адатын, тиричилик эрежелерин сүрөттөө эмес. Повесть – Улуу Деңизде Улуу Туманда калган аңчылардын адамдык улуулугу жөнүндөгү чыгарма. Повесттин башкы каармандары жаратылыш стихиясын өзүлөрүнүн бийик адамкерчилик сапаты, келечек муундун камын көргөн айкөл акылмандыктары м‑н жеңип чыгышат. Орган карыя, Мылгун, Эмрайиндин курмандыгынын акыбети кайтып, Кириск аман‑эсен Аладөбөткө кайтып келет. Кирисктин аман калышы ошол адамдардын улуулугунун өчпөс жылдызга, өмүр бою коштоп жүрчү жаңы ырдын жаралышына айлануусу болду.
А‑дун «Кылым карытар бир күн» (1980) романы өзүнүн идеялык‑тематикалык багыты, сюжеттик‑композициялык түзүлүшү б‑ча «Гүлсарат» повестине жакын. Танабай Гүлсары жорго м‑н акыркы сапарда баратып, күнү бүтүп, суусу түгөнгөн эсил жоргонун башында отуруп өткөн күндөрдү эскерүүсү аркылуу сюжеттик окуялар ретроспективдүү планда өнүктүрүлсө, «Кылым карытар бир күн» романында да көпчүлүк окуя бороондуу бекеттин темир жол жумушчусу Казангаптын кайтыш болгон саатынан аны жайына койгонго чейинки мезгил аралыгындагы Едигейдин эскерүүсү аркылуу баяндалат. Романда жазуучу алгач реалисттик сюжет м‑н катар фантастикалык сюжетти пайдаланат. О. эле чыгармада миф, легенда, уламыштар жыш пайдал анылат, ошол себептүү автор романын «СарыӨзөк метафоралары» деп мүнөздөйт. Чыгармада үч катмарлуу мезгилдик алкакты: өткөн чак, учур, келечек; үч катмарлуу мейкиндик алкакты: аалам баткан адамдын башы, Эне‑Бейит коругу ж‑а Жер планетасынын катышын, өзгөчө байланышын көрөбүз. О. эле чыгарма көркөм ой жүгүртүүнүн үч тибинин: мифологиялыкфольклордук, фантастикалык ж‑а реалисттик синтезинен турат. Бул үч башка мезгил – мейкиндик алкак, көркөм ой жүгүртүүнүн үч тиби бөлүнбөс бир бүтүн организм сыяктуу бир сюжеттик өзөккө, системага бириктирилген. Биринчи мейкиндик алкак – Найман эненин уулу Жоломандын маңкуртка айланышы, кесепеттүү шириге кысылган баш. Сюжет чыңалып, өнүккөн сайын ал окуя мезгилдик жактан берилеп, маани‑масштабын кеңейтет. Экинчи мейкиндик алкак – бул кирүүгө тыюу салынып, темир корукка алынган Эне‑Бейит көрүстөнү, ата‑бабанын сөөгү жаткан ыйык жай, о. эле элдин өткөн тарыхынын эскерткичи, символу. Ага карата жолдун жабылышы элдин, улуттун өткөн тарыхына жолдун жабылышы деген маани м‑н барабар. Кесепеттүү ширинин айынан өз энесине кол көтөргөн Жоломандын кайгы‑касирети м‑н өткөн тарыхы «корукка» алынып, четте өскөндүктөн, ата‑баба мурасына маңкурттай эле мамиле кылган урпактын иш‑аракети өз ара үндөш мазмунга ээ болот. Казангаптын керээзин орундата ал бай, Эне‑Бейитти жок кылабыз дегендерге ж‑а терсаяк Сабитжанга ата‑бабанын сөөгү жаткан ыйык жайды, Эне‑Бейитти коргоп калуунун зарылдыгын түшүндүрө албай айласы куруп Эдигей Сабитжанга «Маңкуртсуң, маңкурттун маңкурту сен экенсиң» деп жаны кашайып каргап да, аяп да сүйлөнөт. Үчүнчү мезгил‑мейкиндик алкак – ширинин бир түрү, жер үстүндө жасалып жаткан космостук ракеталык кырчоо эле. Жерде Казангаптын сөөгүн коюуга байланышкан окуялар өтүп жаткан тапта Жерге башка планетадан, космостон бөтөн цивилизацияны өткөрбөс, келтирбес үчүн «Кырчоо» операциясы ишке кирет. Бул биринчиден, фантастикалуу болсо, экинчиден, ал аркылуу кыйыр түрдө мамлекеттер аралык, а. и. сов. системанын өзгөчө саксынган саясаты сындалгандыгын байкоого болот. Ар кандай чектөө чектелүүнү жаратат. Соц. тоталитардык бийлик учурунда А. чыгармаларында ачык айтууга мүмкүн болбогон ойлорун канчалык каймана көркөм ыкмаларга салып айтпасын, оюн каалагандай толук айталбай мүмкүнчүлүгү чектелген. 1990‑ж. А. «Кылым карытар бир күн» романына кошумча бөлүм катары «Чыңгызхандын ак булуту» роман‑повестин жазган. Мында Эдигейдин мээ чарчаткан суроо‑ойлорунун маанилүү бир бөлүгүн түзгөн, татаал мезгилдин курмандыгы болгон Абуталиптин тагдыры кеңири берилет, о. эле ушул реалдуу турмуш картинасы м‑н катар дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгызхандын трагедиясы тууралуу легенда параллель баяндалып, бийлик ж‑а инсан проблемасы ар тараптуу көркөм интерпретацияланат. Романдагы маңкуртчулук темасына байланыштуу линия кийинки чыгармаларында да уланат. «Кыямат» (1986) романында адамдын башын айлантып, аны өз ыйманынан жат кылып, маңкуртка айландырып жаткан социалдык көрүнүштөр: наркомания, тоталитардык идеология, динден безүү сындалат. «Кыямат» сов. соц. системанын ыдыроосунун алдында, «кайра куруу», «айкындуулук» деп аталган мезгилде жазылып, жарыкка келди. «Кыямат» – ар кандай соц. системанын догматикалык принциптерин, идеологиялык, коомдук саясий сенектикти айыптаган көркөм чыгарма. Романдын сюжеттиккомпозициялык курулушу жазуучунун мурдагы чыгармаларынан кыйла татаал. Автор романды жазуудагы идеялык‑көркөмдүк максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн 20‑к‑дын акырындагы реалисттик романдын карамагындагы мүмкүн болгон конструктивдик каражаттардын баарын пайдаланган. Белгилүү адабиятчы Г. Гачев романга мистерия да, притча да, турмуш да, айбанаттар ж‑дөгү эпос да, филос. диалог да, реалисттик баяндоо да катышкан «синкреттүү китеп» деп аныктама берет. Ушул романдан тартып жазуучунун чыг‑лыгында поэтикалуулук м‑н публицистикалуулук, философиялуулук, эриш‑аркак түзгөн синкреттүүлүк туруктуу мүнөзгө ээ болду.
Жазуучу романында көркөм образдар системасы аркылуу өзү жашап жаткан коомдун ички карама‑каршылыгы курчуп чегине жеткендигин, тоталитардык соц. системанын акыр заманы келгенин, жеке карама‑каршылыктардан майнал чыкпастыгын Авдий, Бостон сыяктуу каармандардын мисалында көргөзүү м‑н жалпы коомчулук ар кандай кыйынчылык, азалтарга чыдап, тобокелге баруу, иштиктүү өзгөртүүлөрдү, аракеттерди жасашы керек экендиги ж‑дөгү идеяны айткан.
Мадкуртчулук темасы жазуучунун «Кассандра тамгасы» романында да улантылат. Романдын каарманы, өз тегин билбеген Андрей Крыльцов аз жерден иксродцорду жарыкка чыгарып жибербей калды. Иксрод – бул маңкуртчулуктун жады «өнүктүрүлгөн» тиби. Алар 21‑кдын идеологиясынын «рыцарлары» болушмак. Теги жок иксродцордун жаралышынын
саясий мааниси бар эле, алар мамлекет үчүн кандай гана көрсөтмө болбосун идеалдуу иш жүзүнө атттыра турган армияны түзүн бермек. Ал эми романдагы «ата‑энелүү» кассандро‑эмбриондордун туулбай жатып жашоодон баш тарткысы келгендиги аркылуу автор социал.-нравалык экологиянын бузулуп, коркунучтуу чекке жакындап баратканына тынчсызданат.
А‑дун чыг‑лыгына социалдык, филос. мазмундуулук мүнөздүү. Жазуучунун түзгөн каармандары канчалык конкреттүү, индивидуалдуу мүнөзгө ээ болбосун, сюжет канчалык каармандын жеке инсандык, пенделик өмүр тагдырын ачып берүүгө багытталбасын, канчалык конкреттүү мезгил өлчөмү бутага алынбасын, алар ошончолук типтүү, кеңири масштабдуу, мезгилмейкиндик жактан чексиз. Жазуучунун стилдик өзгөчөлүгүнө байланыштуу өтө айкын көрүнгөн туруктуу касиеттер – биринчиден, жазуучунун мифологиялык‑фольклордук материалдарга, экинчиден жаныбарлардын образдарына көп кайрылгандыгында, кеңири пайдалангандыгында.
Ар бир жады чыгармасында жады горизонтторду ача билген жазуучу «Сардал кыз» (2006) романында рыноктук мезгилдеги коомдук турмушту жады замандын каармандарынын өз ара мамилелериндеги, мүнөздөрүндөгү байкалган типтүү көрүнүштөрдү көркөм изилдөөнүн объектисине алат. Жазуучунун буга чейинки чыгармаларын кызыл сызык м‑н тепчип өткөн, алардагы коюлган проблемалардын борб. негизин түзүп келген «Канткенде адам уулу Адам болот?» деген суроону чечмелөөдө окуя башкы каарман – эркин журналист А. Саманчиндин айланасына топтоштурулат. Руханий кризистик абалга кептелген А. Саманчиндин жашоо‑турмушуна «Сардал кыз» легендасы жандуу мазмун кийирип турат. Каармандын сүйүү драмасы элдик уламыш ж‑a Жаабарс ж‑дөгү баян м‑н коштолуп, универсалдуу поэтикалык филос. мазмунга ээ болот.
А‑дун көпчүлүк чыгармаларында кандайдыр бир күчтүү жадырыктаган чакырык үндүн катышын байкоого болот. Бул өзгөчө «Гүлсаратта» Бозингендин ботосун издеп (акыйкатсыздыкка жооп издеп) боздогон үнү, «Саманчынын жолунда» уулунун ордуна темир жолду кучактап, согушка наалат айткан эненин үнү, «Кылым карытар бир күн» романында Дөнөнбай куштун үнү, «Кыяматта» Акбаранын айдагы Бөрү‑Энеге даттанып улуган үнү, «Кассандра тамгасында» «Мен туулгум келбейт, келбейт, келбейт...» деп берилген белги аркылуу жадырыктаган кассандро‑эмбриондордун «үнү» ж. б. «Сардал кыз» романында эки түрдүү жадырык үн катышат, анын бири түгөйлөш жары болчу сүйгөнүн издеген колуктунун, Сардал кыздын үнү, экинчи Сергейдин акыл‑эсинде жадырыктаган «Өлтүр! Өлтүрбө!» деген үндөр. Бул үндөрдүн чыгарманын идеялык‑тематикалык мазмунун терендетүүдө ж‑a эмоционалдык‑экспрессивдик планда өтөгөн кызматы зор. Сардал кыздын чакырык үнү – сүйүүнү таза сактоого, урматтоого, ыйык тутууга, коргоого болгон чакырык. Жазуучу Сардал кыздын образын романда мурдагы чыгармаларындагыдай эле идеялык‑поэтикалык концепция, образ‑концепция, образ‑символ, образ‑эскерткич, образ‑үлгү катары пайдаланган.
А. публицистикалык очерктердин, адабий сын макалалардын, эссе жанрынын чоң чебери. Жазуучунун ар кайсы жылдары жарык көргөн макалаларынын топтомдорунан түзүлгөн «Жер, суу менен авторлошуп» (орус тилинде), «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат» (кыргыз тилинде) жыйнактары тематикасынын кызыктуулугу, проблеманы терең ачып бере билүү чебердиги м‑н окурмандарды көркөм
жанрдаты чыгармаларынан кем эмес өзүнө тартып турат. Япон философу Д. Икэда м‑н «Рухтун улуулугуна таазим ыр» (1993), казак акыны ж‑а коомдук ишмер М. Шаханов м‑н «Жар боюнда боздоп калган аңчынын ыйы» (1996) аттуу диалогдору ж‑a казак драматургу К. Мухамеджанов м‑н бирге «Фудзиямадагы кадыр түн» (1973) драмасы да бүгүнкү күндүн актуалдуу проблемалары, дегеле турмуштук ар кандай көрүнүштөр зор филос. тереңдикте, турмуштук‑фактылык ынанымдуулукта көркөм чагылдырылган баяндар. А‑дун чыг‑лыгы улуттук ад‑тыбыз үчүн эле эмес, иск‑вобуздун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфония, балет‑ораториялар жазылды, көркөм сүрөт исквосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театр спектаклдери, кинофильмдер коюлду. А. бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктерден. Анын чыгармалары дүйнөнүн 127 өлкөсүндө, 176 тилинде которулуп, бир нече ирет чоң тираж м‑н (2005‑ж. жалпы саны 76,5 млн нуска) кайталап басылган. «Айтматов таануу» илими пайда болуп, ушу кезде дүйнөлүк адабий процессте кеңири изилденүүдө. 1989‑ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу түзүлгөн. Анын
Кырг‑ндык ж‑a чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж. б. Клубдун жобосу, секциялары, ад‑т, көркөм өнөр ж‑a мад‑т жагындагы эл аралык сыйл. бар. 1992‑ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу ин‑ту, «Айтматов чыгармаларынын китепканасы» ж‑a Эл аралык коомдук айтматовдук академия уюштурулган.
Ад.: Произведения Чингиза Айтматова и литература о нем на иностранных языках. Библиографический указатель. Ф., 1979; Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. 2 томдук. Ф., 1987, 1990; Акматалиев А. Чингиз Айтматов: жизнь и творчество. Б., 1991; Асаналиев К. Чыңгыз Айтматов: кечээ жана бүгүн. Б., 1995; Ибраимов К. Миф и миропонимание в гуманистической философии Чингиза Айтматова. Б., 1998; Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармалар жыйнагы. Б., 1999; Асаналиев К. Шекер и космос/
Ч. Айтматов: художественная семантика образов/. Б., 2001; Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7 томдук. Б., 2002. 7‑том; Ахмет Сарыгул. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын Түркияда кабылданышы. Б., 2003.
А. Акматалиев, А. Кадырмамбетова.