АЛИБАЕВ Атабек Пахырович
Jump to navigation
Jump to search
АЛИБАЕВ Атабек Пахырович(1968-ж. т., Баткен обл., Кадамжай р-ну) – техника илимд. доктору (2010). 1992-ж. БПИни бүтүргөн. Эмгек жолун КМТУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, окуу бөлүмүнүн начальниги; “Учкун” АКта КБнын инспектору, ТКБнын начальниги, маркетинг кызматынын ж-а продукциянын сапаты б-ча башкармалыгынын начальниги: Мамл. комиссиянын алдындагы материалдык резервди камдоо б-ча директордун орун басары; ЖАМУда доцент, башкармалыктын начальниги, факультеттин деканы, окуу иштери б-ча проректор болуп иштеген. А. Илим ж-а техника тармагы б-ча КРдин мамл. сыйл. ээси. Ал 80 ил. эмгектин, а. и. 3 монография, 7 патенттин ээси.