АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:31, 19 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АЛЯСКА КЫРКА ТООСУ Алясканын түштүгүндө. Түн. Америка Кордильерасынын системасьша кирет. Уз. 1000 кмдей. Бийикт. 6194 мге чейин (Мак-Кинли чокусу – Түн. Американын
эң бийик жери). Кыр бөлүгү интрузия тоо тектеринен (гранит-диорит) турат. Капталдары тик,өтө тилмеленген. Тоонун нымдуу түш. капталында 800 м бийиктикке чейин карагайлуу токой өсөт, андан жогору кар, мөңгү жатат. Түн.капталдары каксоороок; токойдун чеги 1000–1100 мге чейин көтөрүлөт; андан жогору тоолуу тундра ээлейт.