АВТОТИПИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВТОТИПИЯ (авто... сөзүнөн ж-а грек тилинен typos – форма) – атайын даярдалган форма. 1) бастырмалуу элементтерди камтыган басма формаларын жасоонун фотомеханикалык процесси. Жогорку басма каражаттары аркылуу жарым түстүү сүрөттөрдү көбөйтүү үчүн колдонулат (фотосүрөттөр, акварель ж. у. с. нерселер). Учурда автотипия заманбап технологиялык каражаттардын жардамы м-н колдонулат. 2) Растр (Растр караңыз) клишеси м-н болгон оттиск.