АЖЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЖЫ – мусулманчылык парзын аткарып, Ме­кеге ажылыкка барган адамдын ардактуу наа­мы. Бул парзды аткаруу үчүн зу‑л‑хиждин 7—13‑үндө (хижра ай календарынын 12‑айы) Ме­кеге зыярат кылууга келишет. Шарият б‑ча барууга мүмкүнчүлүгү жок айрым адамдар жакын адамын өзүнүн ордуна жиберсе болот. Зыяратчы Мекеде атайын ырым‑жырымдарды аткарып, курмандыкка мал союуга милдеттүү. А‑лык парзын аткарып келген адамдарды ур­мат м‑н А. деп аташат. Алар жашыл селде чалып жүрүүгө укук алышат (к. Ажылык, Айт).