АДЫРГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:15, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДЫРГЫ – өрмөк согууда колдонулуучу аспап. Уз. 40–50 см, жазылыгы 15–18 см, калыңдыгы 3–6 см, баш‑аягы бирдей, эки кыры жукарты­ла жумурланган жалпак тактай. Эки четинин ортосунда сабоонун ичке жагы өтүп, жоон башы такалып калгандай эки көзөнөгү болот.

АДЫРГЫ3.png

Күзүк­түн жардамы м‑н А. аркылуу өрмөктөгү эриш жиптердин астыңкы жарымын үстүнө, үстүңкү жарымын астына өткөрүп, ар бир өтүшүндө ар какты эриштердин арасына кысып калтырып турат. Кубаттуу, өндүрүмдүү өрмөк станоктору чыкканы кыргыздын кол өрмөгү пайдаланыл­бай, учурда А. өтө сейрек кездешет.