АДЪЮТАНТ
10:06, 7 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АДЪЮТАНТ (лат. adjutans – жардамчы) –1) аскер башчыларынын тапшырмаларын аткаруучу офицер (прапорщик, мичман). Сов. Армияда (1954‑ж. чейин) өзүнчө батальондордун (дивизиондордун) строй кызматы жагын башкарган; 2) рев‑яга чейинки орус армиясында штабдагы иш жүргүзүүнү тейлеген офицер; 17–18‑к‑да орус императорунун тегериндегилерге берилүүчү аскердик чин. Генерал чининдегилерге г е н е р а л‑А., офицер чининдегилерге ф л и г е л ь‑А. деген наам берилген; 19‑к‑да Францияда полктогу унтер‑офицерлер м‑н капралдардын окуусу үчүн жооп берген офицер. Белгилүү окумуштуу Чокан Валиханов да А. чинине татыктуу болгон.