АМАНБАЕВ Жумгалбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:06, 6 -октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата Jortbek (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНБАЕВ Жумгалбекл чарба тажрыйба станциясында зоотехник болуп баштаган. 1967–70-ж. Кыргызстан мал (1945, Нарын обл., Жумгал р-ну, Чаек кыш. – 2005, Бишкек) – партиялык ж-а мамл. ишмер. Айыл чарба илимд. кандидаты(1970). 1966-ж. К. И. Скрябин атн. КАЧИни бүтүргөн. Эмгек жолун 1966-ж. Тянь-Шань ма чарба ж-а ветернария ил. из. ин-ттунун аспиранты, улук ил. кызматкер. 1971–73-ж. Ош обл. мамл. асыл тукум станциясынын директору. 1973–74-ж. Кырг-н КПнын Ош обл. комитетинин а. ч. бөлүмүнүн башчысынын орун басары, бөлүм башчысы. 1978-ж. Алай р-ндук партиялык комитеттин 1-секретары, 1981-жылдан Ош обл. партиялык комитетинин секретары, 1985–88-ж. Кырг-н КП БКнын секретары, 1988–91-ж. Ысык-Көл обл. партия комитетинин 1-секретары, 1991-ж. Кыргызстан КП БКнын 1-секретары. 1991-ж. октябрдан Кыргыз агроөнөржай экономикасынын ил. из. ин-ттунун директорунун орун басары, 1993-жылдан КРдин Өкүмөтүнүн вице-премьер министри. Эмгек Кызы Туу, “Ардак Белгиси” ордендер ж-а медалдар м-н сыйланган.