АВАРИЯ
Jump to navigation
Jump to search
АВАРИЯ (итал. avaria, ар. авар - зыянга учуроо, кыйроо)– ар кандай себептин натыйжасында машина, учуучу аппарат, станок, тех. каражаттардын күтүүсүздөн зыянга учуроосу, бу-
зулушу. Экологияда А. түшүнүгү чоң мааниге ээ. Ар кандай таасирлердин натыйжасында кандайдыр бир аймактын экол. стандартка жооп бербей жарактан чыгып калышы да А. болуп саналат. Мис., Чернобыль АЭСиндеги А. (1986-ж.
апрель). Радиациялык булгануудан бул аймак (160 миң км2) көп жылдарга колдонуудан чыгып калган. О. эле 1998-ж. май айындагы Барскон суусундагы А-дан да жерг. калкка ж-а аймакка бир топ залака тийген, к. Барскон кырсыгы.