АДДИС-АБЕБА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:50, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АДДИС-АБЕБА  (амхарча – жады гүл) – Эфио­пиянын борбор шаары; өзүнчө адм. бирдик. Өл­көнүн борб. бөлүгүндө, Эфиопия тайпак тоосун­да, деңиз деңг. 2400 м бийиктикте жайгашкан. Маанилүү жолдор тоому. Калкы 3,0 млн (2012). Темир жолу аркылуу Жибути (Сомалиде) порту м‑н байланышат. Эл аралык маанидеги аэропорту бар. 1887‑ж. император Менелика II тарабынан негизделип, алгач Финфинни аталган. 1889‑жылдан азыркыдай аталат. Металл иштетүү, тамак‑аш, жыгаччылык, текстиль, цемент өнөр жайы, ун‑т иштейт. Кустардык жол м‑н кезде­ме токулат, булгаары ж. б. чыгарылат. Кол өнөрчүлүк (жыгач буюмдарын жасоо) өнүккөн. Ун‑т, археол. ж‑а а. ч. ил.-из. ин‑ту, музей, Улут­тук театр, Улуттук китепкана бар. 19–20‑к‑дагы арх‑ралык эстеликтер – Менелика II сарайы, Жаңы сарай, Ыйык Георгий собору (экөө тең 19‑к‑дын аягы) ж. б. сакталган. А.-А‑да эл аралык ири уюмдардын штаб‑квартиралары жайгашкан: алар – БУУнун Африка үчүн экон. ко­миссиясы (1958‑жылдан), Африка союзу (1963-жылдан иштейт; 1963–2000‑ж. – Африка бирим­диги уюму).