АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:27, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДАМДЫН ИММУНИТЕТ ЖЕТИШСИЗДИГИНИН ВИРУСУ (АИЖВ – ВИЧ)‒ иммунитет жетишсиздик оорусунун синдромунун (ИЖОС ‒ СПИД) козгогучу. Вирусту 1983-ж. Париждеги Л. Пастер атн. ил.-из. ин-тунун проф. Монтанье башкарган илимпоздор тобу рактын бир түрү м-н ооруган кишиден тапкан. Ошол эле жылы АКШда проф. Галло ж-а жардамчылары бул вирусту ИЖОС м-н ооруган адамдын канынан, спермасынан бөлүп алышкан. АИЖВ ‒ татаал түзүлүштөгү вирус. Дүйнөдөгү белгилүү микроорганизмдердин ичинен ушул вирус гана РНК м-н ДНКны синтездөөгө жөндөмдүү. ДНКда тукум куугучтук, ген. маалымат жайгашат, ал эми информацияны РНК «ташып жүрөт». Ошондуктан АИЖВ ретровирустардын катарына кирет. 1986-ж. анын жаӊы түрлөрү ‒ мутанттары (I, II, III) табылган. Алар өз ара ген. белгилери м-н айырмаланат, ар бир мутанттын гени ар башка. Вирустун генинин түзүлүшүнө карата «субтиптерге» бөлүнүп, латын тамгалары (А, В, С, N, O, D ж. б.) м-н аталат. Гомосексуалдардын эпидемиясында АИЖВнын В‑субтибине байланыштуу ийне саюу жолу м‑н жугузган баңгилерде А‑субтиби басымдуулук кьшат. Жы­ныс жолу м‑н жугузгандарда көбүнчө В‑субти­би кезигет. Вирус таякча, үтүр же тоголок шар сымал болот. Айлана‑чөйрөнүн шартына чыдам­сыз, жылуу жерде 10‑30 мин гана жашайт. Чөйрөнүн темп‑расы 56°тан жогорулаганда өлөт. Хим. заттарга туруксуз, бирок радиацияга, ультракызгылт көк нурга бир топ чыдамдуу. Ал тирүү клеткада мителик кылгандыктан, адам организмииде гана жашоого, көбөйүүгө жөн­дөмдүү. Адамдын каны, лимфа суюктугу, эркек­тин тукум уругу (сперма), жүлүн суюктугу, жыныс мүчөлөрүнүн былжырлуу суюктукта­ры вируска жагымдуу шарт болуп, анын тара­лышында мааниси зор. АИЖВ адам иммуните­тин тейлөөчү кан клеткалары м‑н азыктанат. Адамга жуккан вирус канга өтүп, лимфоцит­терге кирип, генетика аппаратында көбөйөт, аларды «жеп» бүткөндөн кийин, андан чыгып (провирустар) башка лимфоциттерге өтөт. На­тыйжада, лимфоциттердин саны массалык түрдө азайгандыктан адамдын иммунитети начарлап, антитело бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгүн жого­тот. Иммунитет жетишсиздиги бүтүндөй иммун­дук системанын «кыйрашына» алып келет.
Т. А. Тыналиева.