АББАТЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:25, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АББАТЧЫЛЫК (дат. Abbas «або» – ата) – епископко, кээде түздөн-түз Рим папасына баш ийген, аббат же аббатиса (аялдар монастырында) башкарган католиктер монастыры. Европада о. кылымдарда ири жер ээлери катары эсептелген өтө бай монастырлар коомдун саясий-экон. турмушунда өтө маанилүү болгон. Реформациянын, бөтөнчө бурж. рев-ялардын убагында Европа мамлекеттеринин коомдук турмушунда мурдагы маанисин жоготуп, көпчүлүк A-тар жоюлган, бирок айрым А. азыркы күндө да жашоосун улантууда.