АБДУВАЛИЕВ Муса

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:21, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АБДУВАЛИЕВ Муса (1929-ж. т.) – шахтёр, Соц. Эмг. Баатыры (1966), Ош обл-нун Кызыл-Кыя ш-ндагы «Жин-Жиган» шахтасынын механикалаштырылган забоюнун өткөөлчүлөр бригадасынын бригадири. 1949-жылдан «Кыргыз уголь» комбинатында иштеген. Жети жылдык планын 113,7%ке орундаткан. А-ге «Ардактуу шахтёр» деген наам берилген. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
АБДУВАЛИЕВ27.png