АБРАМОВ Алексей Фёдорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:29, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kerimova-59 (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 [31. 12. 1925, Башкыр АССРи (Башкыртстан), Даниловка кыштагы – 12. 6. 2010, Россия] – Даңк орденинин толук кавалери.
АБРАМОВ54.png

1936-жылдан Кырг-ндын Ош обл-ндагы Көк-Жаңгак ш-нда жашаган. 1943-ж. Сов. Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Смоленск, Ржев, Витебск ш., Нарев плацдармы үчүн болгон уруштарга, Данциг м-н Кёнигсбергди алууга катышкан. Согуш майданында көрсөткөн эрдиги үчүн А. 3- ж-а 2-даражадагы Даңк орденин алууга татыктуу болгон. Эльбага жакын аймакта салгылашуудагы А-дун эр жүрөктүүлүгү жогору бааланып, ал 1-даражадагы Даңк орденине татыктуу болгон. Согуштан кийин Көк-Жаңгак ш-на кайтып келип, шахтёрлук кесибин кайра уланткан. Медалдар м-н да сыйланган.