«АЙЧҮРӨК» операсы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:47, 20 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) (Mariya moved page «АЙЧҮРӨК» to «АЙЧҮРӨК» операсы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– кыргыздын туңгуч улуттук опе­расы. Операнын музыкасын В. Власов, А. Мал­дыбаев, В. Фере, либреттосун Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов жазган. Лирикалык­эпикалык бул опера кыргыз муз. театрында коюлган (1939). Башкы ролдорду алгач аткаргандар: С. Кийизбаева (Ай­чүрөк), Ж. Сады­ков (Семетей), А.

Малдыбаев (Күл­чоро), М. Махму­това (Чачыкей), А. Куттубаева

«Айчүрөк» операсы. Айчүрөк – СССР эл артисти С. Кийиз­баева.

(Калыйман), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшим­беков (Толтой). Режиссёрлору – А. Куттубаев, В. Васильев, хормейстери – П. Меркулов, ба­летмейстер – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Я. Штоф­фер, дирижёру – В. Целиковский. Операнын сюжети бири бирине карама‑каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Операнын муз. драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар м‑н күүлөрдүн ж‑а жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ык­маларынын элементтерин композитордук жо­

Солдон оңго: жене - У. Шамирова, Калыйман - Г. Сатаева, Чачыкей – Г. Иманкулова.

горку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Эл­дик музыка м‑н өнүккөн орус музыкасынын үлгүлөрүнө салып айкалыштырып, элдик күү­обондорго жаңы мазмун, жаңы форма берип, аны чыг‑лык м‑н өркүндөтүшкөн. Улуттук обон­го ширелген операнын ар бир фрагментинен чыныгы профессионалдык чеберчилик туюлат. «А.» операсы – кыргыз мад‑тынын өсүш тары­хында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Эл­дик эпикалык речитациядан улуттук опералык речитация, элдик обондордон татаал ариялар жаралган. Операда элдик музыканын үлгүлө­рүн кеңири пайдалануу м‑н профессионалдык жанрды түзүү, калыптандыруу, өркүндөтүү кыр­гыз музыкасынын андан ары өсүпгүнө шарт түзгөн.
Ад.: Львов Н., Киргизский театр. Очерки истории. М., 1953.