«АЙЧҮРӨК» операсы
– кыргыздын туңгуч улуттук операсы. Операнын музыкасын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере, либреттосун Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов жазган. Лирикалыкэпикалык бул опера кыргыз муз. театрында коюлган (1939).
Башкы ролдорду алгач аткаргандар: С. Кийизбаева (Айчүрөк), Ж. Садыков (Семетей), А.
Малдыбаев (Күлчоро), М. Махмутова (Чачыкей), А. Куттубаева
(Калыйман), А. Боталиев (Чынкожо), К. Эшимбеков (Толтой). Режиссёрлору – А. Куттубаев, В. Васильев, хормейстери – П. Меркулов, балетмейстер – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Я. Штоффер, дирижёру – В. Целиковский. Операнын сюжети бири бирине карама‑каршы турган эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Операнын муз. драматургиясын түзүүдө композиторлор кыргыз эпосторун аткаруудагы салттык обондордун, элдик ырлар м‑н күүлөрдүн ж‑а жалпы эле кыргыз элдик музыкасына таандык өнүгүү ыкмаларынын элементтерин композитордук жо
горку чеберчиликте өнүктүрүүгө жетишкен. Элдик музыка м‑н өнүккөн орус музыкасынын үлгүлөрүнө салып айкалыштырып, элдик күүобондорго жаңы мазмун, жаңы форма берип, аны чыг‑лык м‑н өркүндөтүшкөн. Улуттук обонго ширелген операнын ар бир фрагментинен чыныгы профессионалдык чеберчилик туюлат. «А.» операсы – кыргыз мад‑тынын өсүш тарыхында зор мааниси бар этаптык чыгарма. Элдик эпикалык речитациядан улуттук опералык речитация, элдик обондордон татаал ариялар жаралган. Операда элдик музыканын үлгүлөрүн кеңири пайдалануу м‑н профессионалдык жанрды түзүү, калыптандыруу, өркүндөтүү кыргыз музыкасынын андан ары өсүпгүнө шарт түзгөн.
Ад.: Львов Н., Киргизский театр. Очерки истории. М., 1953.