АГА-БУРЯТ АВТОНОМИЯ ОКРУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Россиянын аймагында. Чита обл-нун курамында. Сибирь федерация округуна кирет. Забайкальенин түш.-чыгышында. Ингода ж-а Онон д-нын аралыгын да жайгашкан. 1937-ж. 26-сентябрда уюшулган. Аянты 19,6 миӊ км2. Калкы 77,3 миӊ (2009). Округдун курамында 3 район, 4 шаарча бар. Борбору ‒ Агинск шаарчасы. Аймагынын басымдуу бөлүгү тоолуу. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы ‒24°С, июлдуку 18°С. Жылдык жаан-чачыны 400 мм. Башкы дарыясы ‒ Онон (ал аркылуу округдун түш. чек арасы өтөт). Тоолуу бөлүгүндө боз, түздүктөрүндө кара топурак басымдуу. Шортоӊ жерлер да кездешет. Аймагынын 30%ин токой каптап жатат. Алханай улуттук паркы уюшулган. Калай, жез, сурьма, молибден, вольфрам, алтын, көмүр, талаа шпаты, асыл таштар казылып алынат. Табияты калктын жашоосуна жагымсыз. Тоокен казуу өнөр жайы өнүккөн аймактарында ж-а жайыттарында экология татаалдашууда. Топурактын эрозиясы күчөп, жайыт деградацияга учуроодо. Жерг. калкы ‒ буряттар, о.эле орус, украин, татар ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 4,2 киши. Тоокен, токой, тамак-аш өнөр жайлары бар. Кой, уй, жылкы асыралат. Дан эгиндери (буудай, арпа, сулу) ж-а тоют өсүмдүктөрү айдалат.

Ад.: География Читинской области и Агинского Бурятского автономного округа. Чита, 2001; Агинский Бурятский автономный округ; Путеводитель. Б.м., 2004. С. Айткулова.