ВЕНГРИЯНЫН тарыхына кошумча.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 2002-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин Венгрия Соц. партиясы (MСП) м-н Эркин демократтар союзунун коалициясы бийликке келип, МСПтин лидери П. Медьеши премьер-министр болгон. Анын өкмөтү мамл. сектордо эмгек акы ж. б. социалдык төлөмдөрдү жогорулатуу саясатын жүргүзгөн, бул экон. кырдаалдын начарлашына алып келип, өлкөнүн тышкы карызынын кескин өсүшүн шарттаган. 2004-ж. Медьеши кызматтан кетип, ордун Ф. Дьюрчань ээлеген. Экон. кризистен чыгуу үчүн Ф. Дьюрчандын  өкмөтү чыгымдарды кыскартып ж-а салыктарды көбөйтүүгө аргасыз болгон. Өлкөдөгү кырдаалды 2008-жылдагы дүйнөлүк экон. кризис ж-а оппозициялык ФИДЕС партиясы демилгелеген мамл. ун-тер м-н саламаттыкты сактоо тутумундагы акыларды жоюу ж-дө референдум (2008-жылдын 9-мартында) курчуткан. 2009-ж. Ф. Дьюрчань кызматтан кетип, анын ордуна Д. Байнай дайындалган. 

2010-жылдын апрелиндеги парламенттик шайлоо В-нын саясий чөйрөсүн түп-тамырынан бери өзгөрттү. 262 парламенттик мандатка ээ болгон «Фидес—ХДНП» оңчул коалициясы жеңишке жетишти. «Фидес» өкүлү Пал Шмит В-нын президенттигине, Виктор Орбан премьер-министрликке шайланды. 2012-ж. өлкөдө жаңы конституция кабыл алынган. “Венгрия Республикасы” расмий түрдө “Венгрия” деп аталган. Жаңы конституцияда христиан дининин өлкөнүн турмушундагы өзгөчө ролу баса белгиленип, нике «эркек менен аялдын биримдиги» катары каралган. Президент Пал Шмитт кызматтан кетип, Янош Адер жаңы президент болуп шайланган. Анын талапкерлигин башкаруучу коалициянын парламенттик көпчүлүгү колдоп, ал добуштардын үчтөн экисине ээ болгон. 2013-жылдын март айында Конституцияга бир катар түзөтүүлөр киргизилип, Конституциялык соттун ыйгарым укуктары чектелген. Өнөр жайды ж-а ишкердикти колдоо чараларынын аркасында В.Орбандын өкмөтү жумушсуздукту азайтып, ИДПнын өсүшүнө жетише алды (2014-ж. 3,5%, ЕБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч). Ошол эле учурда тышкы мамл. карыздын өсүшү уланып, В-нын кредиттик рейтингинин төмөндөшүнө алып келген. Кирешелердин теңсиздиги ж-а жакырлардын саны өскөн.