БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
– 1991-ж. 8-декабрда Беловежа токоюндагы (Беларуссия) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында Россиянын ж-а Украинанын Президенттери Борис Ельцин м-н Леонид Кравчук, о. эле Беларуссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич тарабынан кол коюлган келишим. Б. м. СССРдин эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугу ж-дө билдирген ж-а Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгү жарыяланган.