БЕЛОВЕЖА МАКУЛДАШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:36, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022_2vol>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 – 1991-ж. 8-декабрда Беловежа токоюндагы  (Беларуссия) «Вискули» өкмөттүк резиденциясында Россиянын ж-а Украинанын Президенттери Борис Ельцин м-н Леонид Кравчук, о. эле Беларуссиянын Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич тарабынан кол коюлган келишим. Б. м. СССРдин эл аралык укуктун субъектиси катары өз жашоосун токтоткондугу ж-дө билдирген ж-а Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин түзүлгөндүгү жарыяланган.