БЛИЦКРИГ
Jump to navigation
Jump to search
(нем. чагылгандай тез согуш) – кыска мөөнөттүү согуштун теориясы. 20-к-дын башында Альфред фон Шлиффен тарабынан түзүлгөн. Заманбап Б. авиациянын колдоосундагы танк бирикмелеринен турат. Биринчи жолу Б-ди иш жүзүндө Германиянын аскер стратегдери (Манштейн, Клейст, Гудериан ж. б.) ийгиликтүү ишке ашырган. Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда Польшаны басып алууда колдонулган. Франциядагы Б. компаниясы 44 күнгө созулган: 1940-жылдын 10-майынан 22-июнуна чейин, ал эми Польшада 36 күн: 1939-жылдын 1-сентябрынан 5-октябрына чейин. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышында Б. стратегиясы фашисттик Германия м-н анын союздаштарына 100–300 км чыгышка жылып, советтик чек ара аскерлерин тез арада жеңүүгө мүмкүндүк берген. Ошого карабастан, СССРдин эбегейсиз зор аймактары Кызыл Армияга маневр жасоого ж-а кургактыктагы ири аймактарга чегинүүгө мүмкүндүк берип, Чыгыш фронтундагы Б. стратегиясынын ийгиликсиздигине алып келди.