БАКАЕВ Аширбек Бешкемпирович
Jump to navigation
Jump to search
Аширбек Бешкемпир уулу (20. 12. 1948-ж.т., Чүй обл., Аламүдүн р-ну, Таш-Дөбө айылы) – генерал-майор (2000). СССР ИИМдин Орджоникидзе аскердик-командалык окуу жайын (1970), Целиноград мамл. пед. инс-тунун фил. фак-тин (1985), КУУнун юрид. фак-тин (1999) бүткөн. Степногорск шаардык аскер бөлүгүндө взвод командири (1970), Алматы обл. аскер бөлүгүндө окуу ротасынын командиринин орун басары (1973), командири (1975), Атырау шаардык аскер бөлүгүндө рота командири (1976), Акмола обл. аскер бөлүгүндө батальон командири (1981), Астана шаардык аскер бөлүгүндө полк командиринин 1-орун басары (1984), Афганистанда Революцияны коргоо Башкы башкармалыгынын ыкчам ж-а атайын дайындыктагы аскер бөлүктөрүнүн улук аскердик кеңешчиси (1987–88), Алматы шаардык аскер бөлүгүндө Башкы полктун командиринин 1-орун басары – штаб начальниги (1988), ошол эле полктун командири (1991), Казакстандын ички аскерлеринин Башкы штабынын начальнигинин орун басары (1993), Казакстан Президентинин Респ. гвардиясынын штабынын күжүрмөн даярдыгынын начальниги (1994), КР ИИМдин Ички аскерлер командачысынын биринчи орун басары – штаб начальниги (1995), Баткен, Жалал-Абад, Ош обл-тарында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн курамын камтыган 3-бригаданын командири (1997), КР ИИМдин Ички аскерлер командачысы (1999–2008) болуп иштеген. О. Азия ж-а Казакстан офицерлеринин Афганистандагы биримдигинин төрагасы (1987–88); Аскердик кеңештин төрагасы (1999–2008); 1999-ж. ал жетектеген ички аскерлердин курама «Шер» отряды Баткен аймагында эл аралык террористтик топтордун согушчандары м-н өлкөнүн тарыхында биринчи куралдуу кагылышуу болуп, эрдик м-н эки жумада душманды жоготууга учуратып, мамлекеттин эгемендүүлүгүн коргоодо ийгиликке жетишкен. 2000, 2005, 2006-ж. Куралдуу Күчтөр курамында террористтик топторду жок кылуу ж-а аскердик кылмышкерлерди кармоо б-ча атайын согуштук операцияларга катышкан. Алматы шаардык кеңешинин депутаты (1990–93); КР Өкмөтүнүн Алтын Дипломунун лауреаты (2003). Көптөгөн макалалардын, монографиялардын, терминдердин, кыргызча-орусча, орусча-кыргызча сөздүктөрдүн, КР ИИМдин медалдарынын дизайнынын, аттарынын автору. Өмүр таржымалы «Кыргызстан» улуттук энциклопедиясы, «Золотая книга Кыргызстана», «Элита Кыргызстана», »Народное признание талантов и заслуг» китептерине кирген. 1-даражадагы «Алтын Жылдыз», «Улуу Пётр», «Александр Невский», 1-2-3-даражадагы «За службу Родине в ВС СССР», «За заслуги перед Отечеством», «Афганская Слава» ордендери ж-а «Эрдик», эл аралык «Ататюрк» фондунун «Алтын жылдыз» медалдары м-н сыйланган.