ДАВЛЕТОВ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 Айбек Абубакирович (5. 17. 1961-ж.т., Ленинград ш., Россия) – юрист, юрид. илимд. доктору (2011). 1986-ж. КМУну бүткөн. 1978–79-ж. КР Юстиция министрлигинин АГС башкармалыгында архивчи, 1979-жылдан инспектор, 1986–90-ж. Кыргыз Илимдер Академиясында  Философия ж-а укук ин-тунун аспиранты, кызматкери, 1990–91-ж. Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Советинин аткаруу к-тинин улук юрисконсультанты, 1991–92-ж. «Чакан бизнести камсыздандыруу жана финансылык колдоо фонду» АКнын директорлор кеңешинин юрид. кеңешчиси, 1992–95-ж. "ASDA" юрид. компаниясынын Президенти, 1995–96-ж. «Кыргызстан» АКБнын Укуктук камсыздоо ж-а коопсуздук башкармалыгында укуктук камсыздоо бөлүмүнүн начальниги, 1996–2003-ж. КРдин Жогорку Арбитраждык сотунда төраганын 1-орун басары. судья, 2003–09-ж. КРдин Жогорку сотунда төраганын 1-орун басары, 2010-ж.  ЮСАИДдин Сот реформасына көмөктөшүү компонентинин лидери, 2010–17-ж.  IDLO Эл аралык өнүктүрүү укугу уюмунун сот реформасы б-ча улук кеңешчиси, аймактык директордун орун басары, улук юрид. кеңешчиси, 2017–22-ж. КР Жогорку сотунун судьясы - административдик ж-а экон. иштер б-ча коллегиянын мүчөсү, 2022-жылдан КР Жогорку сотунун төрагасынын орун басары.

КРдин Ардак грамотасы м-н сыйланган.