ДЖАФНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:40, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 – тарыхый облус.  Шри-Ланка а-нын түндүгүндөгү Джафна ж. а-нда жайгашкан. Байыркы убакта ж-а о. кылымдарда Д-ны тынчтык м-н басып алуу максатында Түш. Индиядан мигранттардын толкуну келген. 13-к-да Ариа Чакраварти династиясынын тушунда Д. аймагында Тамил мамлекети түзүлүп, 16-к-дын башына чейин Сингал мамлекети м-н күрөш жүргүзгөн. Д. күчтүү коңшулары – Пандьев мамлекетине, андан кийин  Виджаянагар империясына көз каранды болгон. 1505-ж. Д-га португалдыктар келе баштаган. 1542-ж. Д. Португалияга вассалдык көз каранды, 1591-ж. анын протектораты, 1620-ж. колониясына айланган. 1658-ж. ал Нидерланд Ост-Индия компаниясынын көзөмөлүнө өткөн. 1796-ж. Британдык Ост-Индия компаниясынын карамагында турган аймактардын курамына кирген. 1800-жылдан Д. британдык Цейлон колониясынын бир бөлүгү. 1948-ж. тамила калкы м-н бирге Д. Түн. провинциянын карамагына өткөн. Д. сингал-тамиль конфлигинин курчушуна маанилүү роль ойногон, тамил азчылыгынын укуктары үчүн күрөшүү борборуна айланып, Шри-Ланканын түн. ж-а түн.-чыгышындагы Тамил аймактарына автономия берүүнү, экинчиси Шри-Ланкадан бөлүнүп, көз карандысыз Тамил мамлекетин түзүүнү талап кылган.1008