ДАЛМА́ЦИЯ
Jump to navigation
Jump to search
– Хорватия аймагындагы Адриатика деңизинин чыгыш жээгинде жайгашкан тарыхый облус. Далмация жерин байыртадан эле иллирий уруулары – далматтар, либурндар, о. эле фракийлер ж-а кельттер мекендеген. Б. з. ч. IV к-да Дальмация жээгинде грек колониялары негизделген. Б. з. ч. 229-ж. римдиктердин чабуулу башталган (б. з. ч. 229–228 ж-а 219-ж. Иллирий согуштары). Б. з. ч. II–I к-дарда Октавиан заманына чейин жергиликтүү калк римдиктерге каршы бир нече жолу козголоң чыгарышкан. Далмация басып алынып, Иллирик провинциясына кошулган (б. з. ч. 34–33). Б. з. ч. 6–9-ж. Тиберий Далмациядагы көтөрүлүштү баскан соң, эки иллирий провинциясы (Далмация ж-а Паннония) түзүлгөн. Диоклетиан Далмациянын түштүк бөлүгүн Преввалитана провинциясы катары Скодра (Албаниядагы азыркы Шкодер) м-н бөлүп койгон. Римдиктер Далмацияга ардагерлер үчүн аскердик лагерлерди ж-а конуштарды уюштурушкан. Провинциянын борбору Салон шаары болгон. VI к-дан Далмация Византия бийлигине баш ийген. VI–VII к-дарда аймакты хорваттар ж-а сербдер ээлеген (түштүктө). IX к-да Далмация шаарлары Хорватия мамлекетинин курамына кирип, XII к-дын башында Венгриянын бийлигине өткөн. 1420–1797-ж. Далмация (Дубровниктен башка) Венециянын бийлиги астында болгондуктан, алар жергиликтүү соодагерлерди кооптуу атаандаш катары көрүп, Далмация шаарларынын тышкы соодасына чектөөлөрдү киргизген ж-а аларды толук экономикалык жактан көз каранды кылууга аракет жасаган. Шаар жамааттарынын башчыларын дайындап, Адриатикада өздөрүнүн соода монополиясын орнотууга умтулган. Венеция өкмөтү Далмациядан импорттолуучу ж-а экспорттолуучу товарларды катуу көзөмөлгө алып, бажы төлөмдөрүн орнотуп, бааларды өз кызыкчылыктары үчүн жөнгө салууга аракет кылган. Мындан тышкары Далмация шаарлары Венеция м-н касташкан өлкөлөргө соодасын токтотууга милдеттүү болушкан. XVI к-да Далмациянын ички облустарын Осмон империясы басып алган. Кампо-Формий тынчтык келишимине ылайык (1797) Далмация Австрияга өткөрүлүп берилген ж-а 1918-ж. чейин анын бийлиги астында болгон (1809–13-ж. Далмацияны Наполеон басып алган соң, Франция империясынын Иллирий провинциясынын курамына кирген). 1815-жылдан Далмация Австрия империясынын курамына кошулуп, Далмация королдугу түзүлгөн. 1918-ж. Австрия-Венгрия кулагандан кийин Далмация Сербдер, хорваттар ж-а словендер королдугунун (1929-жылдан Югославия королдугунун) курамына кирет. 1941–44-ж. Далмацияны Италия басып алып, "итальяндаштыруу" саясатын жүргүзгөн. Славян мектептери жабылып, славян тилдериндеги адабияттарга тыюу салынган. Кийинчерээк, бул жаңжалдарга алып келип, италиялыктар Далмациядан ж-а коңшу аймактардан чыгарылган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Далмация Югославия Социалисттик республикасынын курамына кирип, бир бөлүгү Хорватия республикасына караган. 1991-жылдан Хорватия республикасынын курамында.