АЮПОВ Асылбек Нургазиевич
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(1950-ж. т., Ысык-Көл обл., Пржевальск ш.) – экономика илимд. доктору (2011). 1972-ж. КМУнун экономика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз ССР мамлекеттик пландоо комитетине караштуу ИИИде иштеп баштаган. Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасынын жардамчысы, Чүй акционердик “Ала-Арча” өндүрүштүк-финансы корпорациясынын генералдык директору, “Эви-Автоцентр” ишканасында президенттин экон. маселелер б-ча кеңешчиси. Б. Н. Ельцин атн. КРСУда доцент, профессор, кафедра башчысы. А. 73 ил. эмгек, 4 монография, 1 окуу китебинин ж-а 6 методикалык колдонмонун автору.