АЛЛАХАБАД
Jump to navigation
Jump to search
, И л а х а б а д (байыркы аталышы Праяга) – Индиянын түштүгүндөгү шаар. Уттар-Прадеш штатында. Калкы 1,3 млн (2019). Ганг м-н Жамна д. кошулган жеринде жайгашкан. Тогуз жолдун тоому. Шаардын качан пайда болгону белгисиз. Могол императору Акбардын мезгилинде 16-к-дын 2-жарымында Илахабад аталган. А-лык Ост-Индия компаниясы 1801-ж. аннекциялаган. Шаар Индиядагы көз карандысыздык үчүн күрөштүн, 20-к-дан Индиянын ул. конгрессииин иш-аракетинин борбору болгон. Бул шаарда 1920-ж. М. К. Ганди өзүнүн нааразылык кыймылынын программасын жарыялаган. Ганг ж-а Жамна индустардын ыйык жери “Сангам” аталып сыйынып келишет. Жыл сайын Жамна д-нын оң жээгинде он эки жылда бир диний “Кумбаха Мела “ фестивалы өткөрүлүп турат. Ал фестивалга 10 млндон ашык зыяратчылар чогулушат. Форттун аймагында Акбар ак сарайынын ж-а Ашока таш колониясынын (б. з. ч. 242-ж. чен) калдыктары сакталган. Шаардын жаңы бөлүгүндөгү курулуштар европ. неоготика стилинде курулган. А. и. бардык ыйыктар собору (1871–1979; арх. Эмсерсон), неоренессанс стилиндеги чиркөө, соттордун имараты, почта, ун-т (1887), музей (1931), индустардын теракот топтомдору, монета үйү, Нерунун ж-а Н.К. Рерихтин үй-музейи бар. Текстиль (а. и. жүн кездеме өндүрүшү), хим., металл иштетүү, тамак-аш ө. ж. ишканалары иштейт. А-га жакын Наинеде металл конструкция өндүрүшү иштейт.