АЙЗЕНШТАДТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
   – Австриянын чыгышындагы шаар. Бургерланд жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 12 миң (2000). Лайта тоосунун түш. этегинде жайгашкан. Т. ж. бекети. Алгач 1264-ж. эскерилет. Шаар укугун 1376-ж. алган. Архит. эстеликтери 15–18-к-га таандык. Аты окшош капка (16–17-к.; габсбургдар ж-а венгер княздары тарабынан 1622-ж. белекке берилген), И.  Гайдин музейи (1761–91-ж. жашаган, өлгөндөн кийин ошол эле жерге көмүлгөн) бар. Жыл сайын Гайдин фестивалы, В. Бёка жетекчилик кылган Гайдин фестивалы (Коберсдорф сепилинде ) өткөрүлүп турат. Коомдук ж-а маданий борбор. Экономикасында тейлөө сферасы (өзгөчө туризм) басымдуу. Тамак-аш, тигүү ж-а металл иштетүү ө. ж. өнүккөн. Шарап ачытуунун ири борбору. Жыл сайын “1000 шарап” майрамы өткөрүлүп турат.