АДАБИЙ ПРОЦЕСС
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
– бардык дүйнөлүк ад.-ттын белгилүү бир учурдагы, доордогу же мезгилдеги жашап турушу ж-а өнүгүшү. Ал өтө татаал, көп катмарлуу байланыштарда ж-а таасирлерде, карым-катышта болот. А. п. –бул адабиятка бир эле мезгилде бир нече авторлордун келиши ж-а алардын эстетикалык, рухий ыймандык, гуманисттик асылдарды топтошу. Азыркы кыргыз А. п.-и мис., өткөн кылымдын 50-жылдарындагы адабий процесстен бир топ айырмаланат. Бул коомдун, тарыхтын, сүрөткерлердин өзгөчөлүктөрү м-н байланышат. О. эле А. п.-те социалдык маселеси, идеологиялык көз карашы, эстетикалык денгээли ар түрдүү чыгармалар ж-а формалык жактан бири-бирине окшобогон көркөм туундулар жаралат. А. п.-тин кыймылын, негизги тенденцияларын, багытын билүү, өзгөчөлүктөрүн көрө алуу сөз өнөрүнүн тарыхын, теориясын, сынды жакшы өздөштүрүүгө байланыштуу.