АВТОТИПИЯ
15:23, 9 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата new2022>KadyrM тарабынан жасалган версия
(авто... сөзүнөн ж-а грек тилинен typos – форма) – атайын даярдалган форма. 1) бастырмалуу элементтерди камтыган басма формаларын жасоонун фотомеханикалык процесси. Жогорку басма каражаттары аркылуу жарым түстүү сүрөттөрдү көбөйтүү үчүн колдонулат (фотосүрөттөр, акварель ж. у. с. нерселер). Учурда А. заманбап технологиялык каражаттардын жардамы м-н колдонулат. 2) Растр (Растр караңыз) клишеси м-н болгон оттиск.