АЛЛЕМАНДА
Jump to navigation
Jump to search
[АЛЛЕМА́НДА]
(фр. allemande ‒ немецтик) ‒ эски бий. Жай темпте. Алгач Германияда пайда болгондуктан, аны француздар аллемандардыкы (немецтердики) деп аташкан. 16-к-дын ортосунда Англия, Нидерландияда кеӊири тараган. 17‒18-к-да Францияда клавесин, лютня, оркестр үчүн жазылган сюитанын эӊ негизги жай бөлүмү А. аталган.