АСКЕР ТУУСУ
– аскер бөлүгүнүн кайсы мамлекеттин куралдуу күчтөрүнө тиешелүүлүгүн
көрсөтүүчү белгиси (символу). Tyy белгилүү
өлчөмдөгү ж-а түстөгү кездемеден жасалып, каскакка (жумуру шырыкка) тагылат. А. т.
бөлүктүн наамы же номери өзгөрсө да, ошол
бөлүктө дайыма кала берет. Эгерде А. т. жоголсо, бөлүк таркатылат да, ал бөлүктүн командири ж-а күнөөлүү адамдар аскер сотуна бери лет.
А. т. байыртадан эле Байыркы Чыгыш, Кытай,
Индия ж. б. өлкөлөрдө колдонулган. Кыргыздарда А. т. ж-дө түшүнүк илгертеден эле белгилүү. О. кылымдарда асаба тагылган каскактын учуна аттын куйругун бекитип жасаган туулар колдонулган. Тууну көтөрүү аскерлерди чогултууну ж-а согушка аттанууну билдирген. Жоого аттанганда алтанга (туу алып жүргөнгө) эр
жүрөк, ишеничтүү жоокер дайындалып, салгылашуу учурунда кошуунга дем-күч берүү максатында ал тууну көрүнөө жерге карман турган.
Туунун жыгылганы же душмандын колуна түшкөнү, жеңилгенге
тете болгон.
Ошондуктан ал
ар дайым ыйык
саналып, бекем
сакталган. «Манас» эпосунда ар
бир аскердик топтун өз туусу, асабасы болгондугу
ж-а анын түсү да
өздөрүнө гана
таандык экендиги, ал эми желек,
байрактарды
майда уруулар, аскердик бөлүктөр пайдалангандыгы айтылат. Кыргыздарда эл намысына жарап, элдин камын ойлогон эр азамат да тууга теңештирилип, согушта эрдик көрсөткөн баатырларын «туу жыгаар уул» деп ардакташкан.