АСКЕР КИЙИМДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

– аскер кызматчылары үчүн арналган атайын форма кийимдеринин жалпыланган аталышы; алар өңү, бычылышы, айырмалоо белгилери ж. б. б-ча өзгөчө айырмалоочу белгилерге ээ. КРдин Kopгoo министрлигинин, ИИМдин Ички аскерлеринин, Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК), УККнын Чек ара аскерлеринин, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу ж-a өрткө каршы кызматынын, Адилет министрлигинин Күзөт, конвой м-н коштоо ж-a кылмыш-жаза аткаруу системасы департаментинин, Жогорку сотунун, Аскер прокуратурасынын аскер кызматчылары аскер кийимдерин кийишет. КРдин аскер кызматчыларынын аскер кийимдерине: баш кийим (фуражка, кулакчындуу тумак, пилотка, берет); тыш кийим (күрмө, пальто, плащ, мундир, кител, шым); пуловер, свитер, жакет, блузка, сырт көйнөк, юбка, галстук, кашне, аксельбант; бут кийим (ботинка, туфли, өтүк), о. эле аскер шаймандары кирет. Жогорку офицердик курамда, офицерлер, прапорщиктер ж-a мөөнөттүү аскер кызматчыларында, аял аскер кызматчыларында А. к-н кийүүдө айырмалар бар.
Э. Ы. Кадыров.