АСКАРОВ Теңдик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Теңдик (18. 12. 1937-ж. т., ЖалалАбад обл., Токтогул р-ну, Кызыл-Өзгөрүш айылы) – сынчы, философ, коомдук ишмер, философия илимд. доктору (1993), KP УИАнын корр.
мүчөсү (2000), 1960-ж. КМУнун филология ф-тин бүткөн. 1963–67-ж. Кыргыз РИАнын философия ж-а укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, окумуштуу секретары. 1967-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 1967–69-ж. Кырг-н КП БКда пропаганда ж-а агитация, 1969–71-ж. мад-т бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары, 197–80-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун I-секретары, 1980–85-ж. Кыргыз CCP Жогорку Советинин председатели болгон. 1986-жылдан Кыргыз ИАнын философия ж-а укук ин-тунда сектор башчы, ил. кызматкер, бөлүм башчы. КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1995). А. чыг. ишин сынчы катары баштаган. Ал – кыргыз ад-тынын теориялык маселелерине байланыштуу макалалардын, китептердин, о. эле «Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык табияты» деген филос. эмгектин автору. Бул чыгарма учурунда философиянын ил. татаал ж-а дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы м-н окумуштуулардын көңүлүн бурган. Кыргыз CCP Жогорку Советинин 4 жолку (1971–90) депутаты. Эл

АСКАРОВ 91.png


достугу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.