АСАНАЛИЕВ Жумаш
Жумаш (10. 5. 1923, Ысык-Көл
обл., Ак-Суу р-ну, Отуз-Уул айылы – 25. 6.
1944) – Сов. Союз. Баатыры (1944). Советтик Apмиянын катарына 1942-ж.
чакырылган. Улуу Ата Meкендик согушта 67-гвардиялык аткычтар дивизиясынын 199-гвардиялык полкунда пулемётчу болгон.
1944-ж. 24-июнда Батыш
Двина д-нан совет жоокерлери чабуул коюп, Лабейка
кыштагынын (БССР) жанынан өткөндө, А. өз пулемёту м-н душман ээлеген жээкке биринчилерден
болуп чыгып, батальондун оң флангасынан орун
алып, гитлерчилердин контр чабуулуна каршы
салгылашкан. Пулемёту жараксыз болуп калган соң, фашисттер жакындап келгенде, акыркы гранатасын жардырып, айланасындагы фашисттерди кырып, өзү да курман болгон. JIaбейка кыш-нын жанына коюлган. Белоруссияньш борбору – Минск ш-ндагы ж-a туулуп-өскөн
айылындагы көчөгө ысмы ыйгарылып, Минск
ш-нда эстелиги тургузулган (2004).