АРЧАЛЫ МАРГАНЕЦ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:49, 4 Июль (Теке) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Нарын обл-нда, Нарын ш-нан 50–60 км түн.-чыгыш тарапта, Жетим кырка тоосунун түндүгүндөгү Арчалы суусунун сол жээгинде. 1956-ж. табылган. Кен жаткан жерде байыркы казындылар бар. Кендин аймагын кембрий мезгилинде пайда болгон акиташ теги, сланец, кремний, ордовикке таандык сланец, яшма ж-а палеоген-неогендин конгломерат, кумдук, чопо тектери түзөт. Негизги минералдары: браунит, гаусманит, псиломелан, гематит, лимонит ж. б. Кен жанар тоо-чөкмө жолу м-н пайда болуп, линза, тарам, уяча түрүндө ордовиктин гематит-кремнийлүү сланец ж-а яшмадан турган тоо тектеринде топтолгон. Кенташ (руда) кабатчаларынын калындыгы 30– 40 м, уз. 100–150 мге жетет, андагы марганец орто эсеп м-н 10%. 100 м тереңдикке чейинки кенташтын болжолдуу ресурсу 2100 миң т, марганец металлыныкы – 210 миң т.